• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арча-Бешик конушунда күйөөсү аялын ата-энесин басынтканы үчүн өлтүрө сабаган

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. Бишкек шаардык соту жарандык никедеги аялын өлтүргөнгө күнөөлөнүп жаткан 1993-жылы төрөлгөн М.М.Ч. боюнча кылмыш иши боюнча аппеляциялык доону карап чыкты.

Соттун токтомуна ылайык, тергөө 5-апрель күнү Арча-Бешик конушунда ортодо келип чыккан чырдан улам М.М.Ч. аттуу жаран О.Г.О. аттуу жарандык никедеги аялын өлтүрө сабаганын аныктаган.

Соттолуучу өзүнүн күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Анын айтымында, чыр аялынын анын энесин жамандап жана аларга бөлүнүп жашоо керек экендигин айткан сөзүнөн улам келип чыккан. Ал аялын бир нече жолу уруп жиберген. Жабырлануучу аялды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен. Аял өзүнө келбей каза болгон.

Анын артында 3 кызы калды.

Сот жаранды 18 жылга эркинен ажыраткан. Андан тышкары маркумдун туугандарына материалдык зыян катары 117 миң сом жана моралдык зыян катары 100 миң сом төлөп берүү чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий