• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын бюджети бекитилди

Коом 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. Бүгүн, 6-март Ош шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VII сессиясы болуп, анда депутаттар Ош шаарынын бюджетин бекитишти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Сессиянын күн тартибине 5 маселе коюлуп, кеңири талкууланууда.

Алгач Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 2016-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык- экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берип, 2016-жылы Ош шаары республикада бардык көрсөткүчтөр боюнча алдынкы орунду камсыз кылгандыгын билдирди.

Андан соң, 2017-жылга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров маалымат берди.

Бюджеттин киреше бөлүгү

2017-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 834 914,1 миц сом өлчөмүндө аныкталды, анын ичинен:

-салык кирешелери 714 850,0 мин сомду (85,7% жалпы бюджетгин көлөмүндө) түздү;

-салык эмес кирешелери 44 100,0 мин сом (5,2% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;

-бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 75 964,1 мин сом (9,1% жалпы бюджеттен) түздү;.

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинии 319-беренин 2-пунктуна өзгөртүү киргизилип, 2016-жылдын 1-июлунан накталай эмес түрдө соода жүогүзүлгөн ири жана чакан чарбалык субьектер сатуудан алынуучу салыктар бошотулуп жана жаңы кабыл алынган Бюджеттик кодекстин негизинде 2017-жылдын 1-январынан мамлекеттик алымдар (пошлина), административдик айыптар (штраф) толугу менен Республикалык бюджетке түшкөндүгүнө байланыштуу жергиликтүүбюджеттин киреше бөлүгү 2016-жылга бекитилген планга салыштырмалуу 199 844,9 миң сомго азайып каралууда.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамыиын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилген:

-Киреше салыгы- 50%;

-Сатуудан салыгы- 50%;

Жер казынасын пайдалангандыгы учун салык- 50%;

-Жер салыктары, мулк салыгы, чакан ишкердиктин субьектилери учун алынуучу бирдиктуу салык, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттуу патенте© негизиндеги салык- 100% елчемунде жергиликтуу бюджеттин кароосунда калат.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү

Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2017-жылга 834 914,1 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2016-жылга салыштырмалуу 199 844,9 миң сомго аз каралууда.

2017-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн

-49,2% социалдык маданий тармак,

-29,3% турак жай жана коммуналдык чарба,

-8,0% экономикалык маселелер,

-12,8% жаллы багыттагы мамлекеттик кызматтар,

-0,7 % коргонуу тармагы түзүүдө.

Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар

Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар тармагына 2017-жылга 107 132,5 миң сом (атайын каражаттарды кошкондо) өлчөмүндө акча каражаты каралууда, анын ичинен:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык мекемелердин аппараттарын каржылоого - 50 032,5 миң сом;

-тышкы кредиттерге - 49 600,0 миң сом, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо жана Эл аралык банктары аркылуу шаардын жолдорун оңдоого, шаарды таза суу менен камсыз кылууга жана муниципалдык коомдук автотранспортторду (автобус, троллейбус) сатып алууга алынган кредиттерди төлөөгө;

-мэриянын резервдик фондуна - 7 500,0 миң сом бюджеттин көлөмүнө ылайык каралууда

Билим берүү

Билим берүү тармагына 2017-жылга 316 926,1 миң сом (атайын каражаттарды кошкондо) өлчөмүндө акча каражаты каралууда, анын ичинен:

-мектептердеги 1-4-класста окуган балдардын тамак-ашына - 45 196,9 мин сом (бир балага 1 күнгө - 10 сом), бала-бакчалардагы балдардын тамак ашына 31 625,9 мин сом, №'11 В.Терешкова (бир балага бир күнгө 60 сом), №12 Н.Крупская (бир балага бир күнгө - 110 сом) мектен интернаттарындагы балдардын тамак- ашына - 5 793,6 миң сом жана «Алтын-Уя», «Лотос» үй бүлөлүк балдар үйлөрүндө тарбияланган балдардын тамак-ашына - 883,3 миң сом (бир балага бир күнгө - 110 сом);

-мектептердеги, бала бакчалардагы, мектептен сырткары мекемелерде эмгектенген мугалимдердин, тарбиячылардын коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге - 12 553,8 миң сом каралууда.

-мектептердин, бала бакчалардын жана башка мектептен сырткары мекемелердим коммуналдык төлөмдөрүнө -116 423,6 мин сом, ремонт иштерине - 15720,0 мин сом, керектүү эмеректерди сатып алууга жана башка чыгымдарына - 19 139,7 мин сом, ошондой эле эмгек акы, социалдык фондко чегерүүгө -1 523,1 миң сом;

-бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарына - 68 066,2 миң сом каралууда.

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр тармагына 245 180,9 миң сом (атайын каражаттарды кошкондо) акча каражаты белгиленди, анын ичинен:

-Ош шаарынын жашылдындыруу жана көрктөндүрүү комбинатына 84 000,0 миң сом;

-Ош электр жарык тармактар «Шаарсвет» ишканасына шаардын көчөоөрүн жарык менен камсыз кылууга - 34 200,5 миң сом;

-Жарандарды тейлөө борборуна - 5 149,0 миң сом;

-Аймактык Кеңештерди каржылоого- 17 522,7 миң сом;

-Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментин каржылоого - 2 886,2 миң сом;

-Ош шарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасына - 9 360,0 миң сом каралды;

-Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына - 56 327,5 миң сом;

-Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына -15 035,0 миң сом;

-«Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасына - 20 700,0 миң сом 2015-жылы республикалык бюджеттеналган бюджеттик ссуданы кайтарууга каралууда.

Маданият жана спорт тармагын каржылоого 2017-жылга - 69 563,6 миң сом (атайын каражаттарды кошкондо) акча каражаты каралууда.

Бул тармакка иегизинен төмөнкү иш-чараларга акча каражаты каралууда;

- Маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча ар-түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө - 27 659,8 миң сом;

-Ош шаардык библиотекасын анын филиалдарын жана ошондой эле айылдык маданият үйүн каржылоого - 7 561,8 миңсом;

-«Алай» футболдук клубуна жана шаардык стадионго субсидияга - 19 500,0 миң сом;

-«Ош шамы» гезитине субсидияга - 2 000,0 миң сом;

-Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтируу борборуна -2 617,0 миң сом;

-фольклордук-эстрада тобуна - 1702,3 миң сом;

-Маданият башкармалыгынын, жаштар иштери, физкультура жана спорт боюнча комитеттеринин аппараттарын каржылоого -8 522,7 миң сом сунушталууда.

Социлдык коргоо

Социалдык коргоо тармагына 2017-жылга 24 115,5 миң сом (атайын каражаттарды кошкондо) өлчөмүндө акча каражаты каралууда, анын ичинен:

-Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгын аппаратын каржылоого 8 915,7 миң сом;

-Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын ар-түрдүү иш-чараларына (социалдык жеңилдиктерге, социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүүгө, Афган согушунун, Чырнобыль атомдук электростанциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандардын, инвалиддердин, көзү азиздер жана дүлөйлүр коомунун ар турдуу иш-чараларына жана ошондой эле «Үмүт шооласы» турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын борборун каржылоого) - 6 486,2 миң сом;

-«Боорукердик» балдар жана карылар үй интернатына - 8 293,0 миц сом;

-Ош шаардык Ветерандар советине - 420,6 миц сом каралууда.

Экономикалык маселелер

Экономикалык маселелер боюнча тармагына - 66 460,8 миц сом (атайын каражаттарды кошкондо) өлчөмүндөбелгиленүүдө, анын ичинен:

-Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол кире акысына жеңилдиктерге - 12 000,0 миң сом каралууда;

-Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгын аппаратын каржылоого - 2 269,0 миң сом;

-Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын титулдук баракчасына - 15 000,0 миң сом;

-«Сүт ишканасы» муниципалдык ишканасына - 2 000,0 мин сом;

-«Ош Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына- 35 191,8 миң сом каралууда.

Коргонуу

Коргонуу тармагына 2017-жылга 5 534,7 миң сом өлчөмүндө акча каражаты белгиленди, анын ичинен;

-Ош шаардык аскер комиссариатынын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акы жана Социалдык фондо чегерүүберенелерине, комуналдык төлөмдөргө (суу, электр жана жылуулук энергиясына) жана ошондой эле жарандарды аскердик кызматка чакырууга (призыв граждан) - 1 150,8 миң сом;

-Ош шаардык топтоо пуктуна (призывной пункт) - 1 453,9 миң сом;

-Ош шаарынын Озгече кырдаалдар башкармалыгын каржылоого - 930,0 миң сом;

-страгегиялык чыгымдарга (ЧС) - 2 000,0 миң сом каралууда.

Пикир

Оставить комментарий