• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук онкология борбору дары сатып алуу үчүн 80 млн сомго тендер жарыялады

Коом 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Улуттук онкология жана гематология борбору дары сатып алуу үчүн дээрлик 80 млн сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, онкологиялык оорулууларды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн Улуттук онкология жана гематология борбору ушул жылы 28-февралда жалпы наркы 60 млн сомдон турган химиотерапиялык препараттарды сатып алууга тендер жарыялаган.

Мындан тышкары, 2023-жылдын 1-мартында дагы 19 млн 993 миң 817,38 сомго Жогорку технологиялар фонду аркылуу (2022-жылдагы калдык) химиотерапиялык препараттарды сатып алууга тендер жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий