• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында балдар ойноочу заманбап комплекстин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Түмөнбай Байзаков атындагы эс алуу паркында муниципалдык балдар ойноочу заманбап комплекстин курулушу башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоордун сметалык баасы 75 млн сомду түзүп, тендердин жыйынтыгы менен "АСТАС строй" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, 72 млн сомго курулуш жүргүзүүдө.

Комплексттин курулушу 2023-жылдын октябрь айында бүткөрүү пландалган.

Белгилей кетсек, балдар ойноочу комплекстин курулушу республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий