• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Япония суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу багытында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бүгүн Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Япониянын Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин Саясий бюросунун чет өлкөлүк долбоорлор бөлүмүнүн улук директору Исикава Тору менен жолугушту.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, талкуунун жүрүшүндө тараптар технологиялык чечимдерди, экологиялык туруктуу практиканы жана эл аралык кызматташтыкты камтыган суу ресурстарын башкарууга инновациялык ыкмаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

"Бүгүнкү жолугушуу MLIT менен кызматташуубуз үчүн жаңы горизонтторду ачат. Биз өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана суу ресурстары тармагындагы мыкты тажрыйбаларды алмашууга умтулабыз. Муну менен бирге кызматташуунун негизги 5 багыты катары биринчиден, Кыргызстандын аймагында чакан суу сактагычтарды курууну, экинчиден, суу чарба арыктарын (каналдарын) реконструкциялоону, үчүнчүдөн, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын ишке киргизүүнү, ал эми төртүнчүдөн, санариптештирүү жана сууну эсепке алуу үчүн датчиктерди орнотууну, ошондой эле ичүүчү таза суу менен камсыздоону сунуштайм", - деп белгиледи Алмазбек Сокеев.

Өз кезегинде Исикава Тору мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирип, суу ресурстарын туруктуу өнүктүрүү үчүн эл аралык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий