• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Казакстан: Болат Назарбаев менен Кайрат Шарипбаевге таандык мыйзамсыз майнинг-фермалар аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев менен күйөө баласы Кайрат Шарипбаевге таандык делген мыйзамсыз майнинг фермалар табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы мониторинги агенттиги билдирди.

Агенттиктин кабарлашынча, мыйзамсыз майнинг-ферма түзгөндөрдүн арасында белгилүү бизнесмендер, мурда жогорку кызматтарда иштеген чиновниктер бар. Болот Назарбаев менен Александр Клебановго таандык майнинг-фермалар Павлодар облусунда аныкталган.

"Текшерүү учурунда 55 майнинг-ферма жумушун өз эрки менен толук токтотуп, жабдууларын алып ташташты. Аларды кайра иштетүүгө жол берилбейт. 51 компания мыйзамсыз иштеген. Алар электр кубатына мыйзамсыз кошулган, өзгөчө экономикалык зоналарга мыйзамсыз жайгашкан жана салык менен бажы алымдарынан качышкан. Алардын баары электр кубатынан ажыратылды", - деп билдирди Каржы мониторинги агенттиги.

Агенттиктин маалыматына караганда, майнинг үчүн жабдуулар Түштүк Корея, Түркия, Грузия, Сингапур жана Кытайдан алынып келинген. Айрымдары аткезчилик жол менен жеткирилген.

Бул фактылар боюнча 25 кылмыш иши козголуп, 100 млрд теңгеге тете жабдуулар конфискацияланды.

Пикир

Оставить комментарий