• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддагы «Жолугушуу жээги» деп аталган карылардын клубунда майрамдык кече өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Кечээ, 11-мартта Кызыл жарым ай коому тарабынан негизделген Жалал-Абад шаарындагы “Жолугушуу жээги” деп аталган карылардын клубунун мүчөлөрү дагы бир кезектеги жолугушуусуна чогулушту.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, алар мында кол өнөрчүлүк менен алектенип, бири-бири менен баарлашып, сый тамактан даам сызып кетишет.

Кезектеги жолугушууга Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова да катышып, карылардан кабар алып кайтты. Ал жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Кызыл жарым ай коому уюштуруп келе жаткан бул иш-аркет карыларга дем-күч берерин белгиледи.

Аталган жай 4 жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Клубга мүчө болгон жалгыз бой энелер, камкордукка муктаж болгон аталар жумасына бир ирет аталган жайда жыйналышат. Аларга Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери көмөктөшүп турат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 100дөн ашуун жалгыз бой жана камкордукка муктаж болгон карылар бар.

Пикир

Оставить комментарий