• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңештин төрагасы Нарындагы соцмекемелердин абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Нарындагы эки күндүк иш сапары облус борборунда уланды.

Парламенттен билдиришкендей. төрага Нарын шаарында жайгашкан Ж.Чолпонбаев атындагы №10 орто мектебинин абалы менен таанышты. Алгач дүкөн катары салынып, 1992-жылы элдин талабы менен мектеп катары пайдаланууга берилген имаратта миңден ашуун окуучу 3 нөөмөт менен билим алат. Шарты начар жана билим берүү талаптарына толук жооп бербегендиктен, жаңы типтүү мектеп куруу зарылчылыгы турат. Бул үчүн атайын 3 гектар жер тилкеси бөлүнүп, долбоору бекитилген.

Мугалимдер менен өткөрүлгөн жолугушууда Нурланбек Шакиев аталган мектептин абалынан буга чейин да кабардар экенин айтып: “Парламент жыйынында депутат Улан Бакасов тарабынан жаңы мектеп куруу талабы байма-бай көтөрүлүп келген. Андыктан, керектүү каржынын үзгүлтүксүз бөлүнүшүн көзөмөлдөп, жаңы мектепти убагында бүткөрүүгө аракет кылабыз”, – деди.

Муну менен катар катаал шартта эмгектенип жаткан агартуучуларга ыраазычылык билдирип: “Эң алгачкы таалим-тарбиянын пайдубалы мектепте түптөлөт. Андыктан окуучулардын жакшы билим алып, мыкты инсан болушунда мугалимдердин салымы чоң”, – деди. Ошондой эле кылмыш жолу менен жетишилген атак-даңктын келечеги жок экенин белгилеп: “Ак эмгек менен талыкпаган аракет гана ийгиликке жеткирет. Андыктан, окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакшы билим алуусуна жана чыныгы адискөй инсан болушуна кам көрүүбүз кажет”, – деди.

Андан тышкары, төрага Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт үйүнөн кабар алды. Алсак, аталган мекеменин имараты 1991-жылы салынып, андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Азыркы тапта имарат толугу менен талапка жооп бербегендигине карабай, Нарын шаарынын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунун элин тейлеп келет. Андыктан, жаңы заманбап төрөт үйүн куруу талабы коюлуп, каржылык чыгымдары эсептелген.

Жогорку Кеңештин төрагасы башталган иш аягына чыгарын белгилеп: “Улуттун саламаттыгы мамлекеттин келечеги. Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо мекемелерин жаңылоо жана дарыгерлерге керектүү шарттарды түзүү менен айлык маяналарын көтөрүү мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири”, – деди.

Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиевди орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Улан Бакасов, Жылдыз Садырбаева, Мирлан Самыйкожо, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Таалайбек кызы, Кубанычбек Самаков, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий