• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл облусунун башчысы "кызыл зонадагы" бейтаптардын абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Ак-Суу районундагы айрым саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус башчысы коронавирусту жайылтпоого, бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге жетиштүү шарттарды түзүү боюнча райондук жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ак-Суу районунун борбору болгон Теплоключенко айылынын "кызыл зонасында" даарыланып жаткан бейтаптардын абалы менен таанышып, дары-дармектердин жетиштүүлүгү боюнча маалымат алды.

Пикир

Оставить комментарий