• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте зордук-зомбулукка кабылган аялдарга ашыкча бюрократиясыз жардам көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Вице-мэр Виктория Мозгачева жана Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Майрам Мамбетова үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган, балалуу аялдар үчүн "Аялзат" биринчи муниципалдык кризистик борборунун жайкы иш графиги менен таанышты.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, вице-мэр жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кризистик борборлор ассоциациясынын өкүлдөрү Толкун Тилекова жана Назира Жээнбекова менен жолугушту.

“Тараптар биргелешкен иш планын, ошондой эле кызматташуу жөнүндө меморандумду даярдоону талкуулашты”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мэрия, Кризистик борборлор ассоциациясы жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында, ашыкча бюрократиясыз аялдарга реалдуу колдоо жана жардам көрсөтүү боюнча иш күчөтүлөт.

Эске салсак, “Аялзат” борбору ушул жылдын февраль айында ачылып, 60 орунга эсептелген жана шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий