• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте “Балдарга жайды белек кыл” акциясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 12-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги балдар үйлөрүндөгү балдарга жайкы каникулдарга карата оюн-зоок иш чаралар уюштурулууда.

Иш чаралар “Балдарга жайды белек кыл” акциясынын алкагында өтөт. Аны Кыргызстандын ММА жана панкратион федерациясы “Ыктыярчылардын жаштар борбору” менен биргеликте демилгелеген. Максаты – балдар үйлөрүндөгү балдарга жайкы каникулда көңүл ачуучу эс алуу борборлоруна баруу мүмкүндүгүн түзүү болуп саналат.

“Биз 500гө жакын баланы шаардык бассейин, кинотеатр, муз аянтчаларында жана башка оюн-зоок жайларында эс алдырууну пландап жатабыз. Сезондун ачылышына 200 бала чакырылган. Учурда эс алуу борборлорунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Даяр болгондо акцияны баштайбыз”, - деди ыктыярчы Дания Кадыркулова.

Уюштуруучулар балдарды топторго бөлүп кезек менен эс алдырууну мерчемдөөдө. Алар башка уюмдар да кызматташса, көптөгөн балдарды эс алдырууга аракет кылышарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий