• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвадан ата-энесинин камкордугусуз калган беш бала Кыргызстанга кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 20.04.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 3 айдан 12 айга чейинки беш бала кайтарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Балдардын кайтарылышы Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери Мекенине 167 ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган бала, анын ичинен 2022-жылы -8, 2023-жылы – 12 бала, ал эми 2024-жылдын 19-апрелине чейин -6 бала кайтарылган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги репатриация процессинин бардык катышуучуларына, анын ичинде Россиянын камкорчулук органдарына, өлкөнүн консулдук жана чек ара кызматтарына, ошондой эле коопсуз жана камкордуктуу ташууну камсыз кылган түз катышуучуларга терең ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий