• 88.68
  • 95
  • 0.95

4-мартка чейин өлкө аймагында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 26-февралдан 4-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

26-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. 26-февралда күндүз, 27-28-февралдарда жана 1-4-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү күтүлөт.

26-февралда күндүз, 27-28-февралдарда жана 1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү күтүлөт.

26-февралда күндүз, 27-28-февралдарда жана 1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-28-февралдарда жана 1-4-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү күтүлөт.

26-февралда күндүз, 27-28-февралдарда жана 1-2-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-февралда түнкүсүн айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү күтүлөт.

26-февралда күндүз, 27-28-февралдарда жана 1-4-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын кутүлбөйт.

27-28-февралдарда жана 1-4-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-февралда түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 26-февралда күндүз, 27-28-февралдарда жана 1-4-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий