• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин мэри көчөлөрдө башталган оңдоо иштерин тездетүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 07.11.23./Кабар/. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы тротуарлардын курулуш иштерин текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү учурунда мэр подрядчыларды көчөлөрдө башталган оңдоо иштерин тездетүүгө чакырды.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев тротуарлардагы учурда жасалып жаткан иштер аяктаганга чейин башка көчөлөрдү казуу иштерин жүргүзбөөнү тапшырды.

Борбор калаанын мэри тиешелүү кызматтардын жетекчилерине, акимдерге жана «Бишкекасфальтсервис» МИнын жетекчилигине курулуш мөөнөтүнүн сакталышын көзөмөлгө алуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле эле ар бир көчөдө аткаралып жаткан иштердин сапаты үчүн ар бир жетекчинин жоопкерчилигин эскертти.

Берилген тапшырмалардын арасында подрядчылар жумуш жүрүп жаткан көчөлөргө атайын белгилерди орнотуу, тиешелүү муниципалдык кызматтар кызыл сызыктан өтүп кеткен чарбалык субъекттердин укук белгилөөчү документтерин текшериши керектиги айтылган. Мындан тышкары, муниципалдык инспекция тарабынан чарба субъекттердин жанаша жайгашкан аймагынын көрктөндүрүлүшү текшерилип, талаптарга жооп бербеген субъектилерге карата тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы Айбек Жунушалиев кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүп, анын ишинин жыйынтыгы боюнча мэрдин орун басары М.Сазыкулов, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишкананын директору Т.Түмөнбаев, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженери У.Шаршеналиевдерге карата тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Аны менен катар, эгерде оңдоо иштери өз убагында бүткөрүлбөсө, ошондой эле тротуарларды курууда сапатсыз иштер аткарылса, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына карата ээлеген кызматынан бошотууга чейин чаралар көрүлүп, подряддык уюмдарга айып салынаары белиленди.

Пикир

Оставить комментарий