• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент пландан тышкары жаңы футбол стадиону жана кичи арена курулуп жаткан жерге барды

Президент 0


Бишкек, 20.04.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Бишкектин четинде жайгашкан жаңы футболдук стадиондун курулушунун жүрүшү менен пландан тышкары таанышты.

Мамлекет башчысына ал жерде 45 миң орундуу футболдук стадиондун долбоорун көрсөтүштү, ошондой эле аталган объекттин башкаларга салыштырмалуу уникалдуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндалды.

Архитекторлордун айтымында, архитектуралык стиль жана түс гаммасы Бишкектин жана кыргыз элинин мүнөзүнө жана маданиятына туура келет.

Жаңы футбол стадиону Кыргызстандын борбор калаасынын символдорунун бири болору күтүлүүдө, ал эми футбол аянтчасы FIFAнын стандарттарына жооп берет.

Бул ишке Түркия, Кыргызстан жана Улуу Британиядан ондогон инженерлер жана архитекторлор тартылганы белгиленди. Долбоорго ылайык, футбол стадионунун жалпы аянты 180 миң чарчы метрди түзүп, автопарк, техникалык жайлар, соода-оюн-зоок борбору жана башка объектилерди камтыйт.

Андан соң президент Садыр Жапаров Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңы кичи аренасынын курулушу менен таанышты.

Жабык имараттын курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда. Арена 3 миң көрүүчүнү батыра алат жана кичи футбол, баскетбол жана хоккей ойноого мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий