• 82
  • 84.48
  • 1.35

Жапаров: Балыкчы-Кочкор тилкесинин курулушу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн маанилүү өбөлгөлөрүнүн бири

802 кароо Президент 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. «Бүгүн темир жол долбоорунун Балыкчы — Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берип.

Мамлекет башчысы темир жолду төшөө бара-бара андан ары уланып, Макмал аркылуу Жалал-Абадка жетип, өлкөнүн түндүк-түштүк бөлүгүн бириктириши керек экенин белгилеп, ошондо гана бул жол Кыргызстанга толук канду иштеп, пайда берип турган жол болорун кошумчалады.

«Иштин башталышы анын жарымынын бүтүшүнө тете» дегендей, аталган темир жол долбоорунун Балыкчы — Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз. Себеби бул элдин талабы, өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн маанилүү өбөлгөлөрдүн бири болуп эсептелет.

Ал эми ата мекендик темир жол тармагында дагы бир тарыхый барак ачып жаткан темир жол куруучуларга кажыбас кайрат, бекем ден соолук каалайм. Сиздер ары маанилүү, ары жоопкерчиликтүү долбоорду ишке ашыра баштадыңар, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!», — деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий