• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдо Абдрахманов, Тыныстанов жана Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Президент 0

Бишкек, 21.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта Каракол шаарынын борбордук аянтында чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу Касым Тыныстановдун, белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанатка катышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган.

Өлкөнүн үч көрүнүктүү тарыхый инсанынын 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында театрлаштырылган сахна уюштурулду.

Иш-чаранын катышуучулары жана меймандарынын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы эгемендикке ээ болгонго чейинки жолдо кыргыз калкы карт тарыхтын нечендеген калабалуу күндөрүн башынан кечирип, эчендеген доорлордун, мезгилдердин бороон-чапкындарына, сынагына туруштук берип, өзүнүн элдүүлүгүн, биримдигин сактап, бүгүнкү биз жашап жаткан күнгө өз алдынча мамлекет катары эсен-аман келип жеткенин белгиледи.

Президент көптөгөн тарыхый жетишкендиктердин башында эл уулдары, чыгаан жана көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер — Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана Кусеин Карасаев турганын айтты.

Ал 1916-жылы кайгылуу Үркүн окуясында ата-энеси жана туугандарынан эрте ажырап, ат баккыч жана короо шыпыргычтан баштап Кыргыз Автономиялуу ССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасына чейин жеткен Жусуп Абдрахмановдун өмүр баянына кеңири токтолду.

Президент болгону жыйырма жашында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө активдүү катышкан Жусуп Абдрахманов өз күндөлүгүндө терең канааттануу менен «жазмыштын буйругу менен эң улуу тарыхый окуялардын күбөсү болуп калганын» жазганын белгиледи.

Садыр Жапаров, XX кылым — бир нече миң жылдык улуу тарыхы бар, бирок көчмөндүү жашоонун торунда чырмалган кыргыз эли үчүн да зор өзгөрүүлөрдүн, орошон окуялардын кылымы болгонуна көңүл бурду. Маселен, эптеп «өзүнчө хандык» түзүү кыялы менен жашаган феодалдык түркөй аң-сезимден арылып, кыска убакыт аралыгында улуттук республиканын чамгарагын көтөрүүнү көксөгөн аң-сезимге өсүп жетиши, республикачыл идеалдарды ыкчам өздөштүрүүгө багыт алышы, бир коомдук түзүлүштөн башка бир коомдук түзүлүшкө өтүүнүн түйшүгүн тартышы сындуу уникалдуу көрүнүштөр орун алды.

Улуттук жетилүүнүн мына ушундай кайталангыс эволюциясына күбө болуп жатканына шыктанган, ошол эле кезде ошол окуялардын түздөн-түз сүрөөнчүсү жана катышуучусу болгон Жусуп Абдрахманов ар бир ирмемди, ар бир күндү, ар бир окуяны жаза кетирбей тизмектеп, кагаз бетине түшүрүп калууга, өзүнүн сөзү менен айтканда «фиксация кылууга» ашыкканы анын улуу ой-максаттарга жетеленип жашаганын айгинелейт. Ал кечээ эле туташ көчмөн жүргөн, Үркүн азабында биротоло кырылып кете жаздаган элдин күнү тууп, советтик модернизацияны баштан кечирүү бактысына туш келгенине, кыргыз уулу жапырт шымалана киришип, жаңы заман жакшылыгынын үзүрүн көрүп жатканына жетине албай, терисине батпай кубанат. Өкмөт башчылык кызмат жөн эле жооптуу кызмат эмес, аны менен бирге чанда бир келчү тарыхый роль жүктөлгөнүн аңдап, Кыргызстандагы ири өзгөрүштөр, экономикалык долбоорлор үчүн жанын сабап күрөшөт.

Президент Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн толук версиясы учурда президенттин администрациясынын жетекчилигинде жакынкы убакта басылууга даярдалып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Ж.Абдрахманов катышкан кайсыл гана окуя болбосун бардыгында кыргыз эли, кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу сөз кылып, анын көпчүлүк ойлору азыркыга чейин өз актуалдуулугун жогото элек. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү учурундагы өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүн негиздөөчү аталарыбыздын бири Ж.Абдрахмановдун кыял-тилеги, келечектеги кыргыз улутун түзүүдөгү моделин Манас-атанын кыял-тилегине дал келген, аны уланткан модель деп айтсак болот.

Жапаров Ж.Абдрахманов бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөгөнүн белгиледи. Ал 1930-жылдардын башында эле Кыргызстанды автономдук республикадан союздук республикага айлантуу идеясын көтөрүп, ошол мүдөөнүн жүзөгө ашуусуна түздөн-түз салым кошкон.

"Бүгүнкү муун Жусуп-Ата баштаган ошол замандагы аракеттердин, ошол доордогу курч күрөштүн жемишин көрүп жатабыз! Бүгүн Көл кылаасындагы окуу жайлардын флагманы болгон ушул Ысык-Көл мамлекеттик университетинин алдындагы аянтта биздин эки улуу инсаныбыздын — кыргыз адабияты менен маданиятынын негиз салуучуларынын бири, агартуучу, илимпоз жана коомдук ишмер Касым Тыныстанов менен жалпы түрк дүйнөсүнө белгилүү залкар окумуштуу, элдик академик Кусеин Карасаевдин эстеликтеринин турушу толук символикалуу көрүнүш деп ойлойм", - деп айтты президент.

Мамлекет башчысы бул инсандар бири-бирине жөлөк-таяк, арка-бел болуп, илим-билим, маданияттын өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз күч-аракеттерин жумшашып жана анын өнүгүүсүнө өлчөнгүс салым кошконуна көңүл бурду. Бүгүнкү күндө улуу залкарлардын эстеликтери катарлаш болуп, кийинки муундарга билим алуунун кенен жолун көрсөтүп турушкандай элеси — кандай гана керемет символика, кандай гана таасын көрсөтүлгөн белги!

Касым Тыныстанов да, Кусеин Карасаев да 1901-жылы Ысык-Көл облусунда жарык дүйнөгө келишкен. Экөө тең өз аракеттеринин, умтулууларынын аркасында кат-сабатын эрте жоюп, Ташкент шаарындагы Кыргыз агартуу институтунан окушкан.

«Улуттук туңгуч гезитибиз болгон „Эркин Тоонун“ алгачкы санын чыгарууга катышып, илим дүйнөсүндө орошон эмгектерин жаратышкан. Касым Тыныстанов Сталиндик кандуу жылдардын курмандыгы болуп, бейкүнөө атылып кетсе, Кусеин Карасаев ушул репрессия жылдарынын капшабына кабылып, узак мезгил бою куугунтуктун астында калган. Бирок, экөө тең өмүр өлчөмдөрүнө карабай эли-журту үчүн улуу эмгек өтөп, эгемен калкыбыздын бүгүнкү дүйнө элдери менен тең тайлашкан жогорку билим деңгээлине жетишине көөнөрбөс салымдарын кошуп кетишти. Жусуп, Касым, Кусеин аталарыбыздын бул жарык дүйнөгө келгенинен бери билинбей эле 120 жыл өтүп кетти. Бүгүн өздөрү арабызда жок болсо да, алардын өлбөс-өчпөс мурастары, мамлекеттик жана коомдук ишмер, агартуучу жана илимпоз катары улуу касиеттери биз менен чогуу жашап, кийинки муундарга өмүр сүрүүнүн жана эли-жери үчүн кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөтө бермекчи!», — деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий