• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети-Өгүз районунда августтан тартып продуциясы экспортко багытталган тигүү фабрикасы иштейт

Президент 0

Бишкек, 21.08.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда үстүбүздөгү жылдын августунан тартып продукциясы коңшу өлкөлөргө — Казакстан, Өзбекстан жана Россия базарларына экспорттолгон заманбап тигүү фабрикасы иштөөдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Бүгүн, 21-августта Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров облуска иш сапарынын жүрүшүндө аталган фабрикадан кабар алды. Ишкана жергиликтүү тургундарды 300дөн ашуун иш орду менен камсыздайт.

Тигүү өнүмдөрүн өндүрүү менен алектенген фабрика ири «Азиар Фэшн» ЖЧК текстилдик ишканасынын филиалы. Компания 2001-жылдан бери Кыргызстанда активдүү иштеп жана аялдар кийимин өндүрөт. Продукциясынын дээрлик бардыгы жакынкы өлкөлөргө экспорттолот.

Мамлекет башчысы ишкананын эмгек шарттары, жумуш орундарынын тартиби жана өндүрүштүк техниканын абалы менен таанышып чыкты.

Садыр Жапаров белгилегендей, өлкөдө тигүү тармагын өнүктүрүү үчүн толук шарттар бар. Аны мындан ары да колдоп жана андан дагы жагымдуу кылуу зарыл.

Фабриканын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда президент мамлекеттин жакшыртылып жаткан социалдык саясаты, ишкерлерди жана бюджеттик тармактын кызматкерлерин колдоо боюнча пландарын дагы бир жолу кеңири айтып берди. Мындан сырткары, ал белгилегендей, жакында киргизилген райондук мамлекеттик администрация жетекчилери — акимдерди ротациялоо тажрыйбасы ортоңку звенодогу жетекчилер арасында дагы улантылат.

Садыр Жапаров мамлекеттик түзүмдөр жер жерлерде социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу жана жаңы жумушчу орундарын түзүү максатында ишкерлерге колдоо көрсөтүүсүн улантаарын белгиледи.

Айыл аксакалдары өз кезегинде Мамлекет башчысынын бир катар чечимдерин канааттануу менен белгилешти. Анын ичинде «Инсандын руханий — адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жана өлкөдөгү тил саясатын жакшыртууга багытталган «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын ишмердүүлүгүн уюштуруу жөнүндө» маанилүү жарлыктар үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришти.

Ошондой эле, жергиликтүү тургундар аймакты жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча өз идея, сунуштарын айтып, жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлер болсо тармакты колдоо боюнча бир катар сунуш жана өтүнүчтөрүн билдиришти.

Мамлекет башчысы менен жолугушуудагы айтылган бардык маселелер тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынды.

Пикир

Оставить комментарий