• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет элдик аскердик окуу жайларга өткөн абитуриенттер ант беришти

Коом 0

Бишкек, 21.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-августта Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун базасында чет элдик жогорку аскердик окуу жайларга өткөн абитуриенттердин аскердик ант берген салтанаттуу аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага КР Коргоо министринин биринчи орун басары, полковник Нурлан Киреешев, КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун жетекчилиги, абитуриенттердин бир туугандары жана жакындары катышышты.

Полковник Нурлан Кирешеев курсанттарды узатуу сөзүндө аларга окууда ийгиликтерге жетишин, жаңы билимдерди үйрөнүүдө максатка умтулгандык жана тырышчаактык каалады.

Эскерте кетсек, өз тагдырын аскерде кызмат өтөөгө багыштоону тандаган жаш уландар негизги тестирлөөдөн сырткары, тереңдетилген медициналык текшерүүдөн жана дене тарбиялык даярдыгы боюнча экзаменден өтүштү.

Эки тараптуу макулдашууларга ылайык, Кыргызстандын жарандары Азербайжан, Казакстан жана Россиянын аскер-окуу жайларында билим ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий