• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сак болуңуз! Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу Кыргызгидромет жарандарды этият болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий