• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Таласта баңгизат сактаган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлгинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Талас шаарынын тургуну 1986-жылы туулган У.Ж. аттуу жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, анда салмагы 191 грамм болгон өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, тинтүү учурунда үйдөн алынган заттар 191 грамм салмактагы марихуана баңгизат болуп чыкты.

Факт боюнча 1986-жылы туулган У.Ж. аттуу жаранга КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча айыбы угузулду.

Милициядан такташкандай, кармалган жаран К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турат.

Пикир

Оставить комментарий