• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто кароосуз калган өспүрүм балдар мурастоо укугуна ээ болду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Ошто кароосуз калган өспүрүм балдар мурастоо укугуна ээ болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин жооптуу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузуу менен жашы жете элек өспүрүмдөргө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүүдөн мыйзамсыз баш тартышкандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, 2020-жылдын декабрь айында 2007-жылы төрөлгөн Н.С жана 2010-жылы төрөлгөн Н.Т. аттуу өспүрүмдөрдүн камкорчусу А.Л. каза болуп, өспүрүм-бир туугандар кароосуз калган. Анын кызы, Россия Федерациясынын Ю.Я. аттуу жараны балдардын алсыздыгынан пайдаланып, 2021-жылдын 14-апрелинде алдоо жолу менен алар жашаган батирди башка жарандарга 20 миң АКШ долларына сатып, Россияга кетип калган.

2021-жылдын 21-сентябрында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Ю.Я. карата Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына тергөө амалдарын уюштуруу үчүн жөнөтүлгөн.

Прокуратура тарабынан Ош шаарынын мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин мыйзамсыз аракет жасаган нотариустарына карата тартиптик укук бузуулар жөнүндө өндүрүш иши козголуп, алар тартиптик жоопкерчиликке тартылышты. Ал эми, юстиция башкармалыгына келтирилген прокурордук талаптын негизинде, жашы жете элек Н.С. жана Н.Т. аттуу бир тууган балдарга батирдин ½ бөлүгүнө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилди.

Ошондой эле, Ош шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын наамына балдарды коргоону камсыз кылуу боюнча сунуш келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий