• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаңы оорукана курулууда

Коом 0


Бишкек, 09.08.22./Кабар/. Бишкекте №6 оорукананын аймагында кошумча жаңы оорукана курула баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, оорукана 75 орунга ылайыкташтырылып, заманбап техника менен жабдылат.

Белгиленгендей, ооруканада хирургия жана жандандыруу бөлүмдөрү жайгаштырылат.

Оорукананын курулушу Катар Республикасынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Имаратты жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий