• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Маматибраим Бостонкуловго материалдык жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Маматибраим Бостонкуловго материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданият министри Азамат Жаманкулов жана президентинин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор-мелодист, акын, жазуучу жана драматург Маматибраим Бостонкуловдон кабар алган. Буга чейин ал инсульт алып, ооруканада жаткандыгы маалым болгон.

"Жолугушуу учурунда Маматибраим Бостонкуловго ден соолугун чыңдоо үчүн президенттин атынан материалдык жардам тапшырылды", - деп билдирет министрлик.

Бостонкулов Маматибраим 1954-жылы туулган. 1987-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. М. Бостонкулов чыгармачылык ишин 1968-жылы баштаган. Чыгармачылык жолунда балдар үчүн алтымышка жакын обондуу чыгарманы, фортепианолук, хордук чыгармалары болуп эки жүзгө жакын обонду жаратып, ноталуу бир катар китептердин автору болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий