• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек ара маселеси алыш-бериш жолу менен чечилет — Камчыбек Ташиев

Коом 0

Бишкек, 18.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чек ара маселеси алыш-бериш жолу менен чечилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен эли менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, чек араны токтоо сүйлөшүүлөрдүн негизинде болот.

"Кээ бир жерлерди коңшуларга берип, айрым аймакты биз алабыз. Сүйлөшүп, алыш-бериш жолу менен гана чечебиз. Баары биз каалагандай боло бербейт. Бул жерден 10 үлүштү алыш үчүн 2-3 жер бергенге туура келет. Аны силер туура түшүнүңүздөр. Жалал-Абаддын Ала-Букадан жер беришибиз мүмкүн, анын ордуна Сузактан алабыз. Ата-энелерибиз колдонуп жүргөн жерлер биздики болбой калышы мүмкүн, бирок алар да миңдеген жылдардан бери колдонуп келген жери бизге өтөт. Андыктан кичинекей жерди карап алып, нааразы болбой, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүшүңүздөр керек", - дейт ал.

УКМКнын төрагасы чек араны тактоо боюнча комиссия бир айыл, көчө үчүн эмес, мамлекет үчүн иштерин белгилеп кетти.

Эскерте кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев Германияда жүрөгүнө операция жасаткан. Бүгүн, 18-февралда ал Кыргызстанга келип, дароо Баткен облусуна учуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий