• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажик өкмөтү «Барки точиктин» 5 млрд сомони карызын кечти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Тажикстан өкмөтү 2020-жылы «Барки точик» энергохолдингинин 5 млрд сомони (440 млн доллар) карызын кечти. Бул тууралуу 17-февралда компаниянын каржы башкармалыгынын башчысы Рустам Мажидзода билдирди.

Бул сумма «Барки точиктин» уставдык фондунда түзүүчүнүн салымы катары жазылды. Энергохолдингдин ээси – тажик өкмөтү.

«Барки точик» компаниясынын насыя карызы 2020-жылдын 1-январына карата 2,6 млрд долларды түзгөн. Анын негизги бөлүгү электр кубаты тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалган.

Бул арада компаниянын электр кубатын жеткирүүдөгү дебитордук аласасы 3,1 млрд сомони. Калк энергохолдингге 1 млрд 342 млн жана ТАЛКО алюминий компаниясы 390 млн сомони карыз.

«Барки точик» Тажикстан аймагындагы 26 энергетикалык объектини көзөмөлдөйт. Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунан башка өлкөнүн бардык аймактарын жарык менен камсыздайт. Мындан тышкары коңшу өлкөлөргө электр кубатын экспорттойт.

Пикир

Оставить комментарий