• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстандын президенти Токаев КРнын министрлер кабинетинин төрагасы менен жолукту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарына жумушчу сапар менен барган Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу Акордо билдиргендигин "Казинформ" агенттиги жазат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу стратегиялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча конкреттүү кадамдарга өзгөчө көңүл бурулду.

Токаев Акылбек Жапаров башында турган кыргыз делегациясы менен жылуу саламдашып, Жапаровдун сапарынын казак-кыргыз достук, ынак коңшулук жана союздаштык мамилелеринин эң актуалдуу багыттарын талкуулоо көз карашынан алганда маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий