• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Наманганда курулуп жаткан көпүрө кыйрады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Наманган облусунун Давлатабад районунда Түндүк Фергана каналынын алдында курулуп жаткан көпүрө кыйрады. Окуядан жабыр тарткандар жок.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, окуя 8-январда болгон. Узундугу 37 метрди түзгөн көпүрө тең экиге бөлүнүп кеткен.

Наманган облусунун администрациясы жөө жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган көпүрө «Ун битта Ахмад» мавзолейине бара турган жолду жеңилдетүү үчүн курулганын маалымдады. Ал жергиликтүү ишкер Маруфхон Ходжихановдун демилгеси болгон жана мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес.

Төрт жыл мурун Хорезм облусуна караштуу Ургенч шаарында паркта концерт болуп жаткан маалда көпүрө кыйрап, 16 киши сууга агып кеткен. Курман болгондордун көбү балдар болгон.

Пикир

Оставить комментарий