• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы жайда тандалат

Коом 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысын үстүбүздөгү жылдын июнь айында тандашат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика министрлигинин ишкерлердин ишмердүүлүн жөнгө салуу башкармалыгынын жетекчиси Акылай Кожомбердиева кабарлады.

Ал белгилегендей, бизнес-омбудсмен ишкерлердин ишмердүүлүгүндө алардын мыйзамдык кызыкчылыктарын, укуктарын сактоо жана аларга карата болгон коррупциялык иштердин алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишинин ачык болуусуна көмөктөшөт.

“Учурда бизнес-омбудсмендин Байкоочу кеңеши түзүлгөн. Ал кеңеште бизнес-ассоциациялар тарабынан катышуучу катары AmCham (КРдагы Америкалык Соода палатасы); КРнын базарлар, соода мекемелер жана кызмат чөйрөсүнүн ассоциациясы; Эл аралык ишмер кеңешмеси (ЭИК); Юридикалык жактардын бириккен JIA бизнес-ассоциациясы; КРнын Соода-өнөр-жай палатасы”, - дейт Кожомбердиева.

Ал кошумчалагандай, Байкоочу кеңештин түзүмүнө Кыргызстандын атынан экономика министринин орун басары Э.Алишеров кирген.

Пикир

Оставить комментарий