• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Комитет экс-президенттердин кол тийбестигин алуу демилгесин III окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан "КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеӊештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.

Демилгечилердин маалыматына караганда, мындан 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган "КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы замандын талабына жооп бербейт.

Жаңы Конституцияда президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок.

Ошондон улам, мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

  • Президенттин кол тийгистигинин деңгээлинин төмөндөгөндүгүн эске алуу менен, 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда, анда КР Президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын ченемдери чагылдырылды;
  • Аны менен чогуу жашап турган президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктер менен пайдаланарын эске алуу менен Мыйзамдын 6-беренеси президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды;
  • 13-беренеде экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган баардык кепилдиктер токтотулат;
  • Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Талкуу жүрүшүндө мындай мыйзам кабыл алынып калса, ал баардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду. Ошондой эле, экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган баардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий