• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө лицензия берүүнү алып салуу сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи - Жогорку Кеңештин депутаты Э.Байбакпаев

Маалымкат-негиздемеге ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана пайдалануу, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жогорулатуу жана курчап турган чөйрөнү коргоо максатында, 2008-жылы декабрда «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. 2011-2019-жылдары бул мыйзамга түзөтүүлөр киргизилип, аларды ишке ашырууда жаңы кичи гидроэлектрстанцияларын пайдаланууга берүүлөрдүн өсүүсү күтүлгөн эле. Соңку өзгөртүүлөр кабыл алынгандан бери 2 жылга жакын мезгил өтсө да, алынган маалыматтар боюнча, ЭКБнын негизиндеги кичи генерациянын өсүүсү болгон жок. Бүгүн бюрокартияны мындан ары азайтуу, кичи гидроэнергетика объектилерин курууда инвесторлордун ЭКБ чөйрөсүндө ар кандай уруксат алуу жол-жоболорунан өтүүсүндөгү ар кандай тоскоолдуктарды жоюу үчүн ЭКБ чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы бышып жетилди.

Электр энергиясын керектөөнүн жана анын жетишсиздиги өскөндүгүнө, жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды киргизүү боюнча курч зарылчылыктарга байланыштуу, энергетикалык коопсуздукту жана тармактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу, ички жана тышкы инвесторлор тарабынан энергетика тармагына инвестицияларды тартуу, колдонуудагы мыйзамдардагы кенемтелерди жана коллизияларды жоюу үчүн «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору демилгеленүүдө.

ЭКБны өнүктүрүү үчүн экономикалык жана укуктук механизмдерди түзүү максатында, киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору менен төмөнкүлөр сунушталат:

- ЭКБнын кубаттуулуктарын квоталоону алып салуу;

- ЭКБны пайдалануу менен алынган электр энергиясын керектөө көлөмүнүн 10%ынан кем эмес көлөмүндө кепилдик алдында сатып алууну белгилөө;

- ЭКБ орнотмолорунда өндүрүлгөн, орнотмонун ээси тарабынан жеке муктаждыктарына пайдаланылбаган жана келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сатылбаган бардык электр энергияны сатып алуучу катары электр энергетикалык компанияны аныктоо;

- электр энергиясын өндүрүүдө, ошондой эле аны ЭКБ субъектилери тарабынан берүүдө, бөлүштүрүүдө, экспорттоодо жана импорттоодо ЭКБ жаатындагы лицензиялоо иштерин алып салуу;

- электр тармактарын жана бөлүштүрүүчү ишканаларды ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын бекер жана тоскоолдуксуз транзиттөөнү жүзөгө ашырууга милдеттендирүү;

Мындай механизмдерди орнотуу өзүнө ачык-айрымдуулукту жана түшүнүктүүлүктү камтып, потенциалдуу инвесторлор үчүн кошумча дем, күч бермекчи.

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, төмөнкүлөр күтүлөт:

- коррупциялык коркунучтардын кыскаруусу, анткени уруксат берүү жол-жоболорунун жөнөкөй жана түшүнүктүү эрежелери сунушталууда;

- жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү жана республикалык, жергиликтүү бюджеттерге болгон салык базасынын кеңейүүсү;

- электр энергиясын кошумча иштеп чыгуу, 2025-жылга чейин ЭКБны пайдалануу боюнча кубаттуулугу 40-70 МВтдан кем эмес жабдууларды ишке киргизүү.

Пикир

Оставить комментарий