• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков эч кимдин саясий оппоненти болууну каалабайт

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков эч кимдин саясий оппоненти болууну каалабайт. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзүнүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында баса белгиледи.

“Мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүм бүткөндөн кийин бийликти өткөрүп берип, тынч кетүүнү каалайм. Мен депутаттыкка да талапкерлигимди койбойм. Мен эч кимдин саясий оппоненти болууну каалабайм. 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо мен баардык партияларга бирдей шарттарды түзүп берип, парламентке эл колдогон адамдардын келүүсүн каалайм”, - дейт С.Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий