• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2024-жаңы жылы менен куттуктады

Президент 0


Бишкек. 01.01.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2024-жаңы жылы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу алыс-жакында жүргөн журтташтар!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Арадан жыл айланып, дагы бир жылды карытып, жаңы - 2024-жылга аяк басканы турабыз.

Мындан туура бир жыл мурда Мекен чеги башталган байманалуу Баткен жергесинен жалпы журтту Жаңы жыл менен куттуктап, Жараткандан эл-журттун эсенчилигин, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүн тиледик эле.

Мына минтип берген убадабызды аткарып, чек арадагы элди сүйүндүрүп, Баткен облусун калыбына келтирүү менен жети дубаныбыз тегиз бейпилдикте жаңы жылга кирип баратабыз.

Быйыл бүткүл кыргызстандыктарды жаңы 2024-жылы менен жети дубандан келген элди кучагына батырып, биримдиктүү кыргыз жараны атыктырып жаткан берекелүү кең Сары-Өзөн Чүйдүн боорунан – “Орловка” тоо-лыжа базасынан куттуктоону туура таптым.

“Дени сак улут – дени сак өлкө!” деп, жеке эле лыжа спорту эмес, спорттун кайсы гана түрү болбосун машыгып, калкыбызды сергек жашоого чакырык жасоо менен жаңы жылга кирели деген ниеттемин.

Узап бараткан жыл өнүгүүгө бет алган окуяларга бай болду.

Дүйнө жүзүндөгү ар кандай олку-солкулуктарга карабай, экономикалык саясатыбыздын туура, таза жана жыйынтыктуу жүргүзүлүшүнөн улам, өлкөнүн ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомдон ашып, өлкө бюджетинде оозубуз толо триллион деген сумманы колдоно баштадык.

Салыктык жана бажылык жыйымдардын саны кескин көтөрүлдү.

Мунун аркасынан мамлекетибизде бир катар масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

Бул жаатта жүздөгөн мектеп, ондогон бала бакчалардын салынышы, ички жолдордун асфтальтталышы, инфратүзүмдүк объектилердин курулуштарына баарыңыздар күбө болуп келесиздер.

Мындан сырткары, ири инвестициялык долбоорлорго старт берилди.

Алардын үзүрүн жакынкы келечекте көрө баштайбыз.

Тынчтыкты жактоо, көп вектордуу кызматташуу жана эл аралык укукту урматтоо принциптерине негизделген тышкы саясатыбыз акыркы уч жылда жогорку денгээлде жолго коюлду.

Экономиканын жогорулашына, калктын жашоо шартынын жакшырышына, өнөр жай, завод-фабрикалардын иштешине эң негизги өбөлгө болчу энергетика тармагында акыркы жылдары алдыга карай чоң жылыштар башталды.

Административдик-аймактык реформа пилоттук режимде Түп району менен Нарын облусунда ийгиликтүү жүргүзүлүп, бул аймактарда элге кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулап, жайыттар, ирригациялык система, таштандыларды жана ичүүчү сууну башкаруу тармагында иш алып баруу ыкмалары кайра уюштурулду.

Өлкөбүздө өнөр жай тармагында Фонддор жана банктар аркылуу бир топ өнөр жай ишканалары ачылды.

Баарыбызга маалым, быйыл коррупцияга каршы иш-чаралар кызуу жүрүүдө.

Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылып жатат.

Уважаемые кыргызстанцы!

В новом 2024 году мы перед собой поставили серьезные планы, задачи, которые будут способствовать развитию нашей страны.

Как вы сами могли заметить, во время Народного Курултая неоднократно поднимались вопросы касательно питьевой и поливной воды.

Поэтому в следующем году мы сосредоточимся на ремонте ирригационных сооружений и строительстве системы питьевого водоснабжения сёл.

Много усилий будет приложено в области увеличения мощности гидроэлектростанций, модернизации, строительства новых генерирующих мощностей и развития альтернативных источников энергии в нашей стране.

В новом году мы возобновим строительство так называемого проекта века ГЭС «Камбар-Ата-1».

Вам известно, что к этому присоединятся и соседние страны: Узбекистан и Казахстан.

Можно с уверенностью сказать, что экономическая выгода Кыргызстана со строительством ГЭС Камбар-Ата-1 в рамках международного проекта «CASA-1000» увеличится.

Вместе с тем мы рассмотрим вопросы межправительственного соглашения по строительству железной дороги «Китай-Кыргызстан-Узбекистан».

Также в следующем году будет продолжена деятельность по поддержке развития малого и среднего бизнеса и экспортного потенциала.

С 1 октября 2024 года обещаем увеличить страховую часть пенсии.

Конечно, важно отметить, что в 2024 году наша работа в сфере образования и развития системы здравоохранения будет усилена.

Чтобы решить вопрос с пробками, которые стали проблемой нашей столицы, мы для Бишкека закупим больше пассажирских автобусов.

А также мы реализуем ряд проектов по строительству многофункционального торгово-логистического центра на территории Чуйской области.

Дорогие кыргызстанцы!

Мы прожили 2023 год очень насыщенно, и динамично.

В уходящем году мы делали все, чтобы укрепить положительные перемены во всех сферах жизни наших граждан.

В наступающем году мы продолжим курс перемен, созидающих процветающий Кыргызстан.

Я искренне желаю всем вам благополучия, достатка, спокойствия и уверенности в будущем!

Пусть исполнятся ваши лучшие ожидания и мечты, пусть наши дома будут наполнены счастьем и радостью!

Урматтуу мекендештер!

Дал ушул куттуу Чүй жергесинен туруп, маданиятыбызды көтөрүүгө жана билимибизди арттырууга үндөп кетер элем.

Чынында, соңку 30 жылдык тарыхыбызда жалаң саясий окуяларга басым жасап жүрүп, элибиз мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кетти.

Коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандарыбыздын катмары пайда болду.

Тилекке каршы, бул көрүнүш сөз эркиндиги менен алмашып калды.

Ал аз келгенсип, аны модага айландырып, "блогермин" деп, биздин калкыбыздын менталитетине туура келбеген пикирин таңуулагандар да бар.

Албетте, мунун баары билимдин, маданияттын жеткиликтүү болбогонунан, рухий жардылыгыбыздан болуп жатат.

Мындан улам, руханий өзөгүбүзгө кайтууга мезгил жеткендигин баса белгилеп кетейин.

30 жылдан бери саясат деп жүрүп, мамлекетибизди сазга батырыптырбыз.

Келиңиздер, эң жок дегенде 10-15 жыл саясатты четке коюп, экономиканы алдыга жылдырып, элдин турмушун жакшыртуу менен алек бололу.

Ал үчүн абалкы ата-бабаларыбыздан калган улууга урмат, кичүүгө ызаат кылуу наркын улап, улуулардан ыйбаа кылып, кичүүлөрдүн пикирин сыйлай билүүгө багыт алышыбыз шарт.

“Сөз ооздон чыкканча сенин кулуң, ооздон чыккандан кийин сен сөздүн кулусуң” деп айтылат даанышман элибизде.

Сөз айтууда таразалап сүйлөп, сөздүн жоопкерчилигин сезсек, бизге катарлаш келаткан кийинки муун өкүлдөрүнө мыкты өрнөк көрсөткөн болор элек.

Ынтымагы бар элдин,

Таалай-багы ачылат.

Ынтымагы жок элдин,

Тапканы бекер чачылат.

Ынтымагы бар элдин,

Эли чогуу жыйылат.

Ынтымагы жок элдин,

Эли качып суюлат – деп

Барпы атабыз эл ичинде ынтымактын, биримдиктин маанисин таасын таптап берген экен.

Бул саптар бүгүнкү күндө да актуалдуу.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Келе жаткан жылда дагы биримдигибиз бекемделип, калкыбыздан ырк кетпей, ынтымагы артса, өнүгүүнүн өргө карай жол алышына эч көйгөй жаралбайт.

Бул жөн салды сөз эмес, бул өтө олуттуу маселе!

Ошону менен бирге мына ушул мүнөттөрдө баарыбыздын коопсуздугубуз үчүн Мекен чеги деп күзөттө турган чек арачыларыбызга, кырсык кайдан деп болбойт деп кирпик какпай нөөмөттө турган куткаруучуларга, калктын ден соолугу деп тикесинен тик турган ак халатчандарга, коопсуздук башкы маселе деп кызматта жүргөн күч органдарынын кызматкерлерине жана элдин маанайын көтөрүү кызматтарындагы башка адистерге үй-бүлөсүнөн, жакындарынан алыста туруп, жамы журттун бейпилдиги үчүн кызмат өтөп жатышкандыгына өзгөчө ыраазычылыгымды билдире кетейин.

Урматтуу мекендештер, кирип келген Жаңы жылыбыз куттуу болсун!

Ар бир үйдө жаңырган жылга белгиленген ой-максаттар, айтылган каалоо-тилектер кабыл болсун!

Өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, эл-журтубуздун ыйман-ынсабы артсын!

Кыргыз наркы уланып, ар бир кыргыз жаранынын Мекенимди өнүктүрүүгө салым кошсом деген тилеги аткарылсын!

Жаңы жылыбыз жалгап, өлкөбүз өнүксүн!”.

Пикир

Оставить комментарий