• 88.68
  • 95
  • 0.95

Керегебиз кенен, түндүгүбүз бийик болсун! Төрага кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.01.24./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды 2024-жаңы жылы менен куттуктады.

Төраганын жаңы жылдык куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 2024 – Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Өтүп бара жаткан жыл өлкөбүз үчүн жемиштүү жылдардан болуп, өлкө казынасы эселеп өстү. Аймактарга өзгөчө көңүл бурулуп, социалдык мекемелерди куруу иши жигердүү уланды. Анын ичинен жаңы мектептер, бала бакчалар жана саламаттыкты сактоо мекемелери салынып, кыска убакытта ишке берилди. Жолдор жасалып, көптөгөн инфраструктуралык маселелер чечилди. Чакан ГЭСтер, өндүрүштүк ишканалар ачылып, түрдүү экономикалык долбоорлор ишке ашырылды.

Андан тышкары, улуттун коопсуздугун жана өлкөнүн бүтүндүгүн коргоого багытталган аракеттер күчөтүлүп, заманбап техникалар алынды. Коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы аёсуз күрөш жүргүзүлүп, өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн орнотууга өзгөчө басым жасалды.

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Быйыл 85 жылдыгын белгилеген Жогорку Кеңеш да мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында жигердүү иш алып барды. Керектүү демилгелерди көтөрүп, калк турмушун жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Анын ичинен мамлекеттик тилдин макамын көтөрө турган конституциялык мыйзам долбоору колдоо таап, ишке киргизилди.

Ошондой эле эл аралык бир катар уюмдарга мүчөлүк кылган парламентибиз мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоодо да өзүнүн бийик жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды. Алсак, достук менен өнөктөштүктүн аянтына айланган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү жыйыны Бишкек шаарында өтүп, тарыхый байланышы терең өлкөлөрдүн алакасын арттырган сүйлөшүүлөр жүрдү.

Келе жаткан жылы да мамлекетти өнүктүрүүгө арналган маанилүү мыйзамдарды кабыл алып, элдин өкүлдөрү катары өлкө казынасынын сарамжалдуу жана натыйжалдуу пайдаланылышын көзөмөлдөөнү улантабыз. Анткени элдин байлыгы эл үчүн иштеши керек.

Ардактуу мекендештер!

Азыркы тапта баарыбыз ак дасторкон жайып, үй-бүлөбүз жана жакындарыбыз менен жаңы жылды тосуп жатабыз. Айткан ар бир тилегибиз келе жаткан жылда орундалып, үйүбүзгө ынтымак жана ырыс кут орносун! Өлкөбүздө тынчтык жана биримдик болуп, калк турмушун жакшыртууга багытталган аракеттер жигердүү улансын. Керегебиз кенен, түндүгүбүз бийик болуп, коломтобуздун оту өчпөсүн! Кыргызстаныбыз гүлдөп-өнүгө берсин!".

Пикир

Оставить комментарий