• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев: “Мен Кыргызстандын жаңы президенти ким болоорун билбейм”

Президент 0

Бишкек, 12-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Мен Кыргызстандын жаңы президенти ким болоорун билбейм, бирок ал өлкөнү бараткан жолунан кайтара албайт”,-деди президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” резиденциясында мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөп жатып.

Президент үч айдан кийин мамлекет жаңы президентти шайлайт деди. “Мен жаңы президент ким болоорун билбейм. Бирок, мен өлкө өзүнүн жолун тандап алганын, андыктан жаңы президентке дагы аны тандаган жолунан кайтарууга күчү жетпейт деп айткым келет. Бул үчүн биз өткөн жылы баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, референдум өткөрдүк. Ал 2017-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет”,-деди Атамбаев. Ошондой эле, ал азыр мамлекетте бир нече оорчулук борборлору бар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий