• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров иш сапары менен БАЭге жөнөп кетти — коштоп кеткендер

Президент 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен жөнөп кетти.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

- министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;
- президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
- санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.

Пикир

Оставить комментарий