• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев Кочкор жана Жумгал райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 08.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында облустун Кочкор жана Жумгал райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуу салттуу “суроо-жооп” форматында өткөрүлдү. Мамлекет башчысы Кочкор жана Жумгал райондорунун жашоочуларынын мектептерде окуучулардын көптүгүнө жана жаңы мектептерди куруу керектигине, аларда капиталдык ремонт өткөрүү зарылдыгына байланыштуу суроолоруна жооп берди. Ошондой эле жолдордун курулушу, облуста ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу суроолор берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөбүз үчүн эң оор жылдар артта калды. Кыргызстан өнүгүүдө өз жолун тапты, эми ал багытынан тайбайт, деп баса белгиледи. Мамлекет башчысынын сөзү боюнча акыркы 5-6 жылда мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, урунттуу тармактарды реформалоодо, мамлекеттин кирешелерин калыс бөлүштүрүү системасын орнотууда көп иштер жасалды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент көтөрүлүп жаткан маселелерди, биринчи кезекте авариялык мектептерге тиешелүү маселелерди өз мөөнөтүндө чечүү боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий