• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров Катардын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды.

Эки тарапты кызыктырган түрдүү тармактарда өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды.

Мамлекет башчысы элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, бай дипломатиялык тажрыйбанын жана жеке аракеттердин аркасында кыргыз-катар мамилелери өз ара кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлөрүнө ишеним билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан Катар мамлекети менен эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин жана инвесторлор менен тыгыз кызматташууга ар дайым даяр экенин белгиледи. Ошону менен бирге министрлер кабинети ар тараптуу колдоо көрсөтөт.

Өз кезегинде элчи Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин жылуу саламын айтып, өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн болгон күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-катар көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара даярдыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий