• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-япон парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Талайбек Масабиров Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, тараптар жолугушууда кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкуулап, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

Улан Примов Кыргызстан Японияны саясий жана соода-экономикалык кызматташтык, демократиялык өнүгүүнүн жалпы баалуулуктарына ээ болгон жакын дос жана узак мөөнөттүү өнөктөш катары карай турганын билдирди.

«Биз парламенттер аралык кызматташтыктын деңгээлин жана сапатын жогорулатууга кызыкдарбыз. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук топторунун ишмердүүлүгү жана парламенттер аралык кызматташуу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча аракеттерин толуктап турат», - деп баса белгилди ал.

Талайбек Масабиров япон тарапка, анын ичинде Япония эл аралык кызматташтык агенттигине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года эки тараптуу кызматташтыкты, өзгөчө парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да арттырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий