• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК сойкуканаларды калкалаган милиция кызматкерлерин кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Сойкуканаларды калкалаган милиция кызматкерлери кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК).

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген “сойкуканалар” аныкталды. Ал жерде КР ички иштер органдарынын айрым кызматкерлеринин калдоосу астында интимдик кызмат көрсөтүлүп келгендиги аныкталды.

КР ИИМнин Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Б.Н.Д. Жалал-Абад облусунун ИИБнын айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчилеринин бири, милициянын майору Д.А. менен бирге сойкуканалардын ишмердигине колдоо көрсөтүү боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштуруп, ал үчүн ай сайын акчалай сый акы алып турушкан.

Жалал-Абад облусунда жалпысынан 30га жакын ижарага алынган батирлер, 2 сауна, 5 мейманканалар интимдик кызмат көрсөткөн. Бул ишке, кыздар республиканын ар кайсы аймактарынан, анын ичинде Коңшу мамлекеттерденда тартылып турган.

Учурда облустун аймагындагы сойкуканаларды колдоо боюнча башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу такталууда.

Пикир

Оставить комментарий