• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бөбөктөрдүн көп түстүү “Байчечекей” журналынын жаңы саны жарыкка чыкты

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Республикабыздын бөбөктөрүнүн сүйүктүү журналы бул ирет Балдарды коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналып, “Мадина! Биз сени унутпайбыз!” деген ураан алдында Тынчтыкка жана Ынтымакка чакырган кезектеги акциясын өткөрөт.

"Журналдын кезектеги жаңы санында үстүбүздөгү жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларда атылган октон каза тапкан Баткен областына караштуу Лейлек районунун Интернациональное айылындагы мектептин 6-класстын 12 жашар мектеп окуучусу Мадина Рахматжанованын жаркын элесин эскерип, эзелтен коңшу жашаган элдерибизди тынчтыкта жана ынтымакта жашоого чакырып кетебиз, - дейт журналдын башкы редактору, Кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов.

Журналдын жаңы санында кичинекей окурмандар Улуу Ата Мекендик согуштагы бабалардын эрдиктери тууралуу кызыктуу материалдарды окуп, бул темада суроо-викториналарга жооп бере алышат.

Ошондой эле кызыктуу жомокторго ортоктош болуп, сүрөт-оюндарга катыша алышат.

Ал эми орус тилин үйрөнгүсү келгендер дагы кызыктуу суроолорго жооп берип,табышмактардын жандырмагын тапса болот.

Пикир

Оставить комментарий