• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында медицина кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында медицина кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, июль айынын алгачкы жекшембиси медиктердин кесиптик майрамы катары белгиленип келет.

"Бул жылы коронавирус илдети менен күрөшүүгө байланыштуу салтанаттуу иш-чара уюштурулган жок. Ага карабай шаар бийлиги ак халатчандарды иштеген мекемесине барып куттукташып, Ардак грамоталар тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий