• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында кышкы жылытуу мезгилин аяктоо боюнча буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду.

"Эреже боюнча абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болсо жылуулук берүү токтотулат. Ага ылайык, 1-апрелден тарта Ош шаарынын аймагында жылуулук өчүрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий