• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунун аймагында өрттүн саны 18,9 пайызга азайган

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. 2020-жылдын 5 ай ичинде Чүй облусунда 215 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 265), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 18,9 % азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 1 адам каза болуп, 7 адам өрттөн жабыркаса, өткөн жылы 5 ай ичинде 8 адам каза болуп, 7 киши жабыр тарткан. Ал эми 2019-жылы 5 адам каза болуп, 2 адам жабыр тарткан. 147 өрт кырсыгы турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 68,3 пайызын түзөт.

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 48,8%;
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 15,8%;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 7,4 %;
  • балдардын от менен ойноосунан – 3,2 %;
  • тамеки чегүүдөгү этиятсыздык – 6,9 % өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  • Жайыл району - 22;
  • Токмок шаары жана Чүй району – 32;
  • Аламүдүн району – 44;
  • Ысык-Ата району – 41;
  • Кемин району – 8;
  • Москва району – 19;
  • Панфилов району – 7;
  • Сокулук району – 42.

Урматтуу жарандар, өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
  • тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла.

«Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүңүздүн турак жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий