• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда суу системаларын эксплуатациялоого керектүү шаймандар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы таза суу менен камсыздоо ишканаларынынын арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүнө суу системаларын эксплуатациялоого керектүү шаймандар тапшырылды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага облус башчысынын орун басары Эркинбек Маматаев, “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” департаментинин облусутагы өкүлү, АРИСтин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана ичүүчү суу менен камсыздоо ишканаларынын кызматкерлери катышты.

Демилгенин максаты аймактагы ичүүчү суу менен камсыздоо долбооруна катыша элек облустагы 34 айыл аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. Жалал-Абад облусунда 2019-жылдан тарта 58 айылды ичүүчү суу менен камсыздоо аракети жүрүүдө. Облуста жалпы 143 суу менен камсыздоо ишканалары бар.

Пикир

Оставить комментарий