• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нариман айылындагы сүт ишканасында балмуздактын 15 түрү, быштак, каймак чыгарылат

Аймак 0

Нариман, 02.08.19. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылында май, балмуздак, быштак жана каймак чыгарган сүт ишканасы ачылган.

Ишкананын директору Бахадыр Махмудовдун айтымында, ишкана күнүнө 3 тоннага чейин сүт иштетет.

"Балмуздактын 15 түрүн жасайбыз. Андан тышкары бир нече сүт азыгын чыгарабыз", - дейт ал.

Ишкер, ишкананы чоңойтуп, көбүрөөк өнүм чыгарууну көздөп жатканын белгиледи.

"Союз маалында сүт иштетүү тармагында иштегем. Союз кулагандан кийин ал тармак да бүлүндү. Бирок билимим менде калды. Биз россиялык жабдыктарды сатып алып, айрым бөлүктөрүн өзүбүз чогултуп, өндүрүштү баштадык. Ишканада 30 жакын киши иштейт. Чыгарган өнүмдү ички рынокто сатабыз", - дейт ишкер.

Пикир

Оставить комментарий