• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Октябрь Урмамбетов Ош шаарында атайын тактикалык окуу-машыгууга катышты

Аймак 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ош шаарында өткөн атайын тактикалык окуу-машыгуусуна катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Ош шаарында ИИМдин 2021-жылга мерчемделген иш-мерчемине ылайык, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана куралдуу кылмышкерлерди кармоо боюнча бир нече күнгө созулган атайын тактикалык окуу-машыгуу иш-чаралары болуп өттү.

"Бул окуу-машыгуу иш-чараларынын жүрүшүндө коомдук тартипти сактоодо Ош шаарында жайгашкан укук коргоо органдарынын курама отряддарынын биргеликте иш алып баруусу жана атайын операциялар отрядынын чеберчиликтери көрсөтүлүп, кызматтык иттерди пайдалануу боюнча көнүгүүлөр аткарылды. Машыгуу учурунда аныкталган айрым кемчиликтер ошол замат бөлүм жана кызмат башчыларына, командирлерге жеткирилип, кийинки көнүгүүлөр ошол кемчиликтерди жоюу менен улантылды", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 20-декабрда аталган иш-чаранын жыйынтыктоочу этабы аяктап, ИИМ башчысынын орун басарынан тышкары Ош шаарында жайгашкан укук коргоо органдарынын башчылары катышты. Алар жогоруда белгилеген иш-мерчемдин талабына ылайык аткарылган көнүгүүлөрдү көрүшүп, өз пикирлерин билдиришти.

"Бул көнүгүүлөр ички иштер министрлигинин жылдык иш-мерчемине ылайык аткарылып жатат. Ар бир милиция кызматкери жылдын кандай гана мезгили болбосун дайыма бүгүнкү күндөгүүдөй бекем, күжүрмөн даярдыкта туруусу керек. Эл милициянын күжүрмөн даярдыгына ишенип тынч уктайт. Мына ошондуктан баарыӊыздардан коомдук коопсуздукту сактап, өз милдетиӊиздерди ак ниеттүүлүк менен аткарууну талап кыламын!", - деди Октябрь Урмамбетов.

Ошондой эле, Урмамбетов бүгүнкү күндө укук коргоо органдарына карата өлкө жетекчилиги, өкмөт тарабынан жасалып жаткан камкордуктар жөнүндө токтолуп өттү. Жылдан жылга ички иштер органдарын камсыздоо боюнча абалдын жакшырып бара жаткандыгын баса белгиледи.

Тактикалык окуу-машыгуу иштери аяктап, анын жыйынтыктары боюнча тереӊ талдоо жүргүзүлүп, кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий