• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда окуучулар арасында “Жоокер ыры” сынагы өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Аскер комиссариаты тарабынан уюштурулган “Жоокер ыры” аттуу сынак өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, сынакка район-шаарлардан келген 33 окуучу катышты. Иш-чара облустук балдар чыгармачылык үйүндө уюштурулуп, окуучулар патриоттук ырларды жандуу үн менен аткарышты.

Белгилей кетсек, сынактын максаты - жаштардын мекенге болгон патриоттук сезимин күчөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий