• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда үй шартында той өткөргөн 9 жаранга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, аппаратынын жетекчиси жана тийиштүү кызматкерлеринен түзүлгөн облустук комиссия, район жана шаарларда беткап режими жана санитардык талаптардын аткарылышы боюнча мекеме ишканаларга рейд жүргүзүүдө.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жалпы облус боюнча 63 мамлекеттик мекеме ишканалардын санитардык абалы текшерилди.

Ошондой эле тийиштүү органдар тарабынан дагы пландуу түрдө тынымсыз рейд жүрүп жатат. Натыйжада кечээ, 24-сентябрь күнү жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы менен үйүндө көп адам топтоп, той өткөргөн 9 жаранга 3 миң сомдон айып салынган.

Ал эми бир күндө жалпы 133 ар кандай багыттагы ишканалар текшерилип, 25 ишканага, 93 миң сом айып салынды.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, Баткен облусунда эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон сакталууда. "Эл көп топтолгон жайлардагы санитардык талаптардын аткарылбагандыгы жана той-мааракелердин өткөрүлүшү, эпид кырдаалды турукташтырууга түздөн-түз тоскоолдук жаратууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий