• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Баткен облусунда жаңы оорукананын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 22.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-март күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында “Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жаңы имаратынын курулушу башталып, пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев катышып, оорукананын курулушуна капсула салды.

Облус башчысы аймак элин бул жакшы саамалык менен куттуктап, курулушту каржылоого алган "Ас-Сафа-Борбору" коомдук бирикмесине жана бирикменин аткаруучу директору Ибрагим Мальсаговго ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле ал аталган бирикменин облустун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүгө кошкон салымы,өзгөчө баалоого арзыйт деп белгиледи.

“Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жалпы аянты 510 чарчы метр болгон эки кабаттуу жаңы имаратында, хирургия бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, дарыгерлер жана медайымдар бөлмөлөрү, ошондой эле бейтаптар үчүн кааналар болот.

Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан,ооруканага керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар да орнотулат. Имаратты курулушу 2021-жылдын октябрь айында аяктап, пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Аталган имараттын жалпы сметалык баасы 28 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий